2026-жылдын 22-май күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан уюштурулган «Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Санариптик мейкиндикти коргоонун жаңы доору» аттуу III Республикалык хакатондун катышуучулары саат 14:00-18:00гө чейин өздөрүнүн долбоорлорун коргошту.
Алар сунуштаган стартаптарды жана программалык продуктуларды компетенттүү калыстар тобу 10 баллдык шкала боюнча баалашты. Баа берүүдө төмөндөгү илимий-техникалык критерийлер жетекчиликке алынды:
- долбоордун идеясынын хакатондун белгиленген багыттарына шайкештиги;
- программалык чечимдин оригиналдуулугу жана инновациялык жаңылыгы;
- техникалык чечимдин татаалдыгы жана архитектуралык деңгээли;
- сунушталган долбоордун экономикалык натыйжалуулугу жана реалдуулукка шайкештиги;
- презентациялык материалдардын сапаты жана коргоо деңгээли;
- долбоордун келечектүү өнүгүү потенциалы.
Хакатондун жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына сертификаттарды, о.э. баалуу байгелерди салтанаттуу тапшыруу аземи 2026-жылдын 25-майында саат 13:30 да өткөрүлөт.




