2026-жылдын 10-мартынан 20-мартына чейинки аралыкта Таиланд Королдугунун борбору Бангкок шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөтүп, жалпысынан 12 медаль, анын ичинде 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болушту.
Улуттук команданын жалпы ийгилигине Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Программалык камсыздоо инженериясы» багыты боюнча 3-курсунун студенти Рахатбек уулу Рауль чоң салым кошту. Спортчу 71 кг салмакта күч сынашып, 3-орунга ээ болуп, эл аралык аренада жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тастыктады.
Студенттин жетишкендиктери окуу жана спорттук иш-аракеттердин гармониялуу айкалышынан, ошондой эле институттун студенттеринин жогорку потенциалынан кабар берет. Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун жамааты Рахатбек уулу Раулду куттуктап, ага чың ден соолук, мындан аркы кесиптик жана спорттук ийгиликтерди, ошондой эле жаңы маанилүү жеңиштерди каалайт.
(С) Жунушалиева Б.А. — Илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары


